Саясатчы Равшан Жээнбеков кармалып, ИИМдин тергөө кызматына алып келинип, ага "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыктар боюнча иш козголду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
12 октября 2020Ал үч күндөн бери оппозициялык күчтөрдүн баары менен байланышып, чакырган жерине барып жатканын белгиледи. Бир гана Алмазбек Атамбаев менен жолукпаганын билдирди.
12 октября 2020Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка дайындалышы юридикалык күчкө ээ эмес. Бул туурасында Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Facebook баракчасына жазды.
12 октября 2020Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков "Ала-Тоо" аянтынан белгисиз адамдар анын дагы автоунаасын аткылашканын билдирди.
9 октября 2020Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кол салуу болду. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.
9 октября 2020Интернетте бети-башы канжалап, эс-учу жок жаткан кишинин видеосу тарады.
9 октября 2020"Ала-Тоо" аянтында митингчилер кагылыша кеткен учурда ок атылды. Окуянын видеосу интернетке тарады.
9 октября 2020Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаров менен саясий күчтөрдүн тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болду.
9 октября 2020Ушул тапта Бишкек шаарындагы "Форум" мекемесинин алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп турат. Аларга биз аз мурда "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов тарапташтары менин келип кошулду.
9 октября 2020“Ага ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат”, — деп айтылат маалыматта.
9 октября 2020Бизге азыркы учурда тажрыйбасы бар күчтүү саясатчы керек болуп жатат. Ошондуктан биз Өмүрбек Бабановдун талапкерлигине макул болдук. Бул тууралуу "Реформа" партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.
9 октября 2020Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү "Достук" мейманканасына чогулуп, Дастан Жумабеков менен Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл алышкан. Анда премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.
9 октября 2020Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип, кайра кызматка кантип кайтканын айтып берди.
9 октября 2020"Импичмент боюнча айтсам, президент арыз жазып кетүүгө даяр экенин билдирди. Эгер ал сөзүнө тура турган болсо импичмент жарыялоо зарылдыгын көрбөй турам", — деди Бабанов.
9 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин аткаруучулуктан дагы бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
9 октября 2020Аталган саясий партиялар "Акыркы үмүт" деп аталган меморандум кабыл алышкан. Анда саясатчы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкка, ал эми Тилек Токтогазиев биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн.
9 октября 2020Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамы, жетекчилиги жана ардагерлери УКМК имаратынан Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиевди чыгарып коюшту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
9 октября 2020Россиянын сомнологдор коомунун жетекчиси, эмгеги сиңген дарыгер Роман Бузунов күндүз уйкунун келе беришинин бир нече себебин санап бергенин РИА Новости жазды.
9 октября 2020Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
9 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
9 октября 2020Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүнү пландаган жок. Бул тууралуу РИА Новости мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага таянып кабарлады.
9 октября 2020Борбордук аянттагы милиция менен митингчилердин кагылышуусунан бир өмүр соолуду. Ал — Баткен облусунун кулуну, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу.
9 октября 2020Буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Бороновдун отставкага арыз жазганы маалым болгон. Бирок ага президент кол коё электигине байланыштуу өкмөттүн азыркы курамы иштеп жатат.
9 октября 2020Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч эле кетип калайын деп айттырып жибергенин билдирди.
9 октября 2020Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталды. Бул тууралуу төрага Мыктыбек Абдылдаевге шилтеме берип парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
8 октября 2020Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн журналисттерге билдирди.
8 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
8 октября 2020Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов массалык башаламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын көрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
8 октября 2020Нааразычылык акциясынын катышуучулары бул тынчтык митинги экендигин билдиришкен. Алар "Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!", "Бизге стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук керек!", "Мамлекет укуктук талаага кайтсын!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.
8 октября 2020Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен болгон кагылышууда 686 киши жабыркаган.
8 октября 20202019-жылы издөө жарыяланган Мухаммед-Али Асанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын атасы, ИИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
8 октября 2020Жапаровдун 400гө чукул тарапташы аны колдоо максатында митингге чыкты. Аларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдойбуз деген топ жакындап келди. Топтолгондор алгач айтышып, андан соң урушуп кетишти.
8 октября 2020Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Субаналиев учурда саясаттан сырткары экенин билдирип, саясий жарышка катышпай турганын белгиледи.
8 октября 2020Анын айтымында, ал жерге түнү менен боз үйлөрдү алып келишип, азыркы тапта бешөөнү тигип бүтүштү. Боз үйлөрдүн артына тамактанууга ылайыкташтырып столдор коюлган.
8 октября 2020