Курсан Асанов эки ай УКМКнын тергөө абагында болот

13 октября 2020 Курсан Асанов эки ай УКМКнын тергөө абагында болот

ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө, тагыраагы, 10-декабрга чейин киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди кабыл алган.

Асанов Бишкекте 6-октябрда болгон башаламандыкты иликтөөнүн алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. УКМКдан ал массалык башаламандыкты активдүү уюштургандардын бири болгон деп эсептелип жаткандыгын айтышкан.

6-октябрдын түнүндө нааразы болгон эл Ак үйдү басып алып, андан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон камактагы саясатчыларды бошоткон.

Асанов ИИМ жетекчисинин кабинетин ээлеп, бирок бир нече күндөн кийин кызматын таштап кеткен.

sputnik