Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына, айыл чарбага жана жалпы элдин жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Баку шаарында Климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин (COP29) алкагында Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматы иш-чара Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулганын кабарлады.
Президент тоолуу аймактарда жашаган эл катаал табигый шарттар, табигый кырсыктар, айыл чарба жерлеринин начар түшүмдүүлүгү, изоляция жана социалдык-экономикалык кызматтарга жеткиликтүүлүк чектелген кыйынчылыктарга туш болорун, мунун баары алардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып, жакырчылыктын өсүшүнө алып келерин айтты.
"Бүгүн климаттын өзгөрүшү биздин мөңгүлөргө, суу ресурстарыбызга, айыл чарбабызга жана жалпы элдин жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандын мөңгүлөрү өтө тездик менен эрип жатат: акыркы 50-70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 1 262 чарчы чакырымга же 16 пайызга кыскарды. Тенденция уланса, кылым аягында мөңгүлөрдүн көбү жок болуп кетиши мүмкүн. Бул жөн гана статистика эмес, бул — мөңгүлөрдөн башталган таза сууну пайдаланган миллиондогон адамдардын жашоосуна жана жыргалчылыгына түздөн-түз коркунуч", — деди Жапаров.
Ал климаттын өзгөрүү көйгөйүн бир да өлкө өз алдынча чече албай тургандыгын баса белгилеп, климаттын өзгөрүшүнө тоолуу, бирок ошол эле мезгилде андан көбүрөөк жапа чеге турган мамлекеттерге эл аралык коомчулуктун колдоосун күчөтүүгө чакырды.
"Ушуга байланыштуу биз дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолор жана мөңгүлөр көйгөйлөрүнө бурууга багытталган саясий документ болгон Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларацияга кошулууга чакырабыз. Тоолордун көйгөйлөрүнө жана алардын экологиялык маанисине глобалдык деңгээлде жаңыча көз караш талап кылынат, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу экосистемаларга тийгизген таасирин, анын ичинде климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун негизинде терең изилдөөлөрдү жүргүзүү керек", — деп белгиледи президент.
Өлкө башчы Кыргызстан COP29 күн тартибине жыл сайын тоолор жана климат боюнча эксперттик диалог өткөрүүнү сунуштаганын кошумчалады. Бул диалог тажрыйба жана билим алмашуу, туруктуулукту жогорулатуу, адаптация чараларын кабыл алуу жана тоолуу аймактарда жашаган адамдардын жашоо шарттарын жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө болгон аялуу деңгээлин төмөндөтүү үчүн биргелешкен чечимдерди табуу үчүн маанилүү.
Жапаров ошондой эле биз мамлекеттерди тоолуу өлкөлөрдүн жана жамааттардын "күчтүү жана бирдиктүү үнү" болуп кызмат кылган Тоо өнөктөштүгү сүйлөшүү тобуна кирүүгө чакырды.
Сөзүнүн аягында Кыргызстан 11 өлкө менен биргеликте тоолуу аймактарды узак мөөнөттүү туруктуу өнүктүрүүнүн символу болгон ак илбирсти сактоо боюнча активдүү иш алып барып жатканын айтып, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Эл аралык ак илбирс күнүн жарыялоо боюнча резолюцияны колдоого үндөгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова Кыргызстандын БУУ системасындагы тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелери менен тааныштырды. Анда БУУнун Башкы Ассамблеясынын биотүрдүүлүк жана мөңгүлөрдүн мониторинги боюнча транс чек ара кызматташтыгы жөнүндө резолюциялары, ошондой эле 2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо сыяктуу өлкөнүн жетишкендиктери айтылды.