Кытайдын мас ханзаадаларынын сүрөтү 40 миллион долларга сатылды

13 октября 2020 Кытайдын мас ханзаадаларынын сүрөтү 40 миллион долларга сатылды

Кытайлык “Ат үстүндө мас абалда үйүнө келе жаткан беш ханзаада” аталышындагы сүрөт Гонконгдогу Sotheby’s аукционунда 41,8 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу US News маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Эки метрлик сүрөт XIV кылымда падышанын сарайында кызмат кылган кытайлык белгилүү сүрөтчү Рен Ренфага таандык. Анын эмгектери (жалпысынан 21 сүрөт тарткан) музейлерде жана менчик коллекцияларда сакталып калган.

Ат үстүндөгү ханзаадалар түшүрүлгөн эмгек императордук коллекцияга кирип, ага бир катар падышалардын мөөрү басылган. Лоттун баштапкы баасы 10 миллиондон баштап, 15,5 миллион долларга чейин болгон.

Эмгекте ат үстүндө бараткан беш ханзаада менен алардын төрт кызматчысы түшүрүлгөн.

Алардын арасынан Ли Лунцзи аттуу ханзаада кийинчерээк Сюань-Цзундун императорлук тагына отуруп, Тан династиясынын башка падышаларына караганда узак убакытка бийлик жүргүзгөн.

sputnik