Жээнбеков Бишкек шаарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

12 октября 2020 Жээнбеков Бишкек шаарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү жарлыгына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде борбор калаанын аймагында буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабагандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Аталган жарлык президент кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

sputnik