Вице-спикер Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Бакиров өзү вице-спикер жана жыйынга төрагалык кылгандыктан дайындоо жөнүндө токтомго кол койгону айтылат.
Эске салсак, 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган. Залда отурган депутаттар дагы бир-экөө жолдо келе жатканын айткан.
Кийинчерээк вице-спикер Аида Касымалиева жыйын ортолоп калганда чыгып кеткенин билдирди. Ал эми Каныбек Иманалиев жыйынга 41 гана депутат катышканын, анын экөө толук катышпай кетип калганын белгиледи. Мындан улам айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган жыйында кворум болбогонун айтып, анын дайындалышын легитимсиз деп жатышат.