Жолдубаева: экс-президент Алмазбек Атамбаевге кол салуу болду

9 октября 2020 Жолдубаева: экс-президент Алмазбек Атамбаевге кол салуу болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кол салуу болду. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.

Ал бул боюнча расмий билдирүү бир аздан кийин жарыяланарын белгиледи.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтында белгисиз адам терезелери караңгылатылган унаага ок аткан видео тараган. Айрым ЖМКлардын жазганына караганда, унаанын ичинде Алмазбек Атамбаев болгон.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

sputnik