Америкалык ишкер Илон Маск Украинадагы согуш АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамптын планынын аркасы менен жакында токтойт деп эсептейт. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.
Буга чейин Wall Street Journal гезити ишенимдүү маалымат булактарына таянып Трамптын айланасындагылар Украинадагы жаңжалды токтотууну, фронт сызыгын бойлото демилитаризацияланган аймакты түзүүнү жана жаңы курал-жарактарды берүүнү сунуштаганын кабарлаган. Бул Киевдин НАТОго убактылуу кирбөө убадасынын ордуна жасалган сунуш экени айтылган. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков макала абстрактылык мүнөздө экенин билдирген.
Маск Трамптын Украинадагы планы боюнча макалага пикир калтырып жатып, жакында кан төгүүлөр токтоорун, кызык кулактыктын доору бүткөнүн жазган.
Трамп буга чейин Украинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кыларына убада берген. Ал тургай чыр-чатакты бир күндө эле жөнгө саларын бир нече жолу айткан.
Россия мындай өтө татаал көйгөйдү жөнөкөй чечим менен жөнгө салып коюу мүмкүн эместигин айтты. Ал эми АКШнын жаңы шайланган президенти Кошмо Штаттардын Украинадагы жаңжалга мамилесин дайыма сындап, АКШга барган ар бир сапарында миллиардап жардам алып кеткен Зеленскийди соодагер деп атаган.