Коронавирустун акчада, смартфондо канча сакталып турары айтылды

12 октября 2020 Коронавирустун акчада, смартфондо канча сакталып турары айтылды

Коронавирус смартфондун бетинде, кагаз акчада жана металл кармагычтарда бир айга чукул кармалып турушу мүмкүн. Бул туурасында "Известия" жазды.

Оору менен күрөшүүгө даярдык көрүү боюнча австралиялык борбордун адистеринин айтымында, бөлмө температурасынын шартында жылмакай нерселерде коронавирус инфекциясы 28 күнгө чейин жашайт. Адистер өздөрү смартфондун айнектери, полимер жана кагаз акчалар, дат баспаган болоттон жасалган буюмдар кооптуу экендигин айтышат. Аларда SARS-CoV-2 болжол менен 20 градустук жылуу температурада бир ай, +30 градуста үч жумага чейин кармалып турары белгиленди. Ал эми 40 градус ысыкта инфекция бир нече күн жашайт.

Австралиялык окумуштуулар адамдар кол сыяктуу антисептик менен тазалап турбагандыктан алар көп кармалаган смартфондун бети абдан кооптуу буюмдардын катарына кире тургандыгын эскертишти.

sputnik