Тез арыктайм дегендерге үч азык сунушталды

12 октября 2020 Тез арыктайм дегендерге үч азык сунушталды

Ашыкча салмактан арылам дегендер үч азыкты жеши керектигин РИА Новости диетологдорго таянуу менен жазды.

Адистердин айтымында, күнүмдүк рациондо бадыраң болушу керек. Бул жашылча сууга жана тамак-аш талчасына бай болгондуктан курсак ачырбайт. Калориясы дагы аз, андыктан майларды кетирүүгө жардам берет.

Ошондой эле азыктык баалуулугу жогору болгон брокколини жеш керек. Ал зат алмашууну жана кан айланууну тездетет. Ошондой эле андагы тамак-аш талчасы кишини ток кармап, майдын "эрип кетишине" жардам берет.

Арыктоо үчүн дагы бир пайдалуу азык — сулунун акшагы. Бул дагы тоюмдуу болгондуктан башка калориялуу тамактарды жеп салганга мүмкүнчүлүк бербейт. Сулу боткосу ичегилерди тазалоого жардам берип, адамды табигый жол менен арыктатары белгилүү.

sputnik