"Ала-Тоо" аянтында эки тарап кагылыша кетти

9 октября 2020 "Ала-Тоо" аянтында эки тарап кагылыша кетти

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаров менен саясий күчтөрдүн тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болду.

Эки жаат алгач түртүшүп, андан соң бири-бирине таш ыргыткан.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдына чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди.

Алгач биричи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытуулар башталды.

sputnik