“Ага ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат”, — деп айтылат маалыматта.
9 октября 2020Бизге азыркы учурда тажрыйбасы бар күчтүү саясатчы керек болуп жатат. Ошондуктан биз Өмүрбек Бабановдун талапкерлигине макул болдук. Бул тууралуу "Реформа" партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.
9 октября 2020Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү "Достук" мейманканасына чогулуп, Дастан Жумабеков менен Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл алышкан. Анда премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.
9 октября 2020Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип, кайра кызматка кантип кайтканын айтып берди.
9 октября 2020"Импичмент боюнча айтсам, президент арыз жазып кетүүгө даяр экенин билдирди. Эгер ал сөзүнө тура турган болсо импичмент жарыялоо зарылдыгын көрбөй турам", — деди Бабанов.
9 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин аткаруучулуктан дагы бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
9 октября 2020Аталган саясий партиялар "Акыркы үмүт" деп аталган меморандум кабыл алышкан. Анда саясатчы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкка, ал эми Тилек Токтогазиев биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн.
9 октября 2020Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамы, жетекчилиги жана ардагерлери УКМК имаратынан Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиевди чыгарып коюшту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
9 октября 2020Россиянын сомнологдор коомунун жетекчиси, эмгеги сиңген дарыгер Роман Бузунов күндүз уйкунун келе беришинин бир нече себебин санап бергенин РИА Новости жазды.
9 октября 2020Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
9 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
9 октября 2020Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүнү пландаган жок. Бул тууралуу РИА Новости мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага таянып кабарлады.
9 октября 2020Борбордук аянттагы милиция менен митингчилердин кагылышуусунан бир өмүр соолуду. Ал — Баткен облусунун кулуну, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу.
9 октября 2020Буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Бороновдун отставкага арыз жазганы маалым болгон. Бирок ага президент кол коё электигине байланыштуу өкмөттүн азыркы курамы иштеп жатат.
9 октября 2020Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч эле кетип калайын деп айттырып жибергенин билдирди.
9 октября 2020Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталды. Бул тууралуу төрага Мыктыбек Абдылдаевге шилтеме берип парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
8 октября 2020Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн журналисттерге билдирди.
8 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
8 октября 2020Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов массалык башаламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын көрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
8 октября 2020Нааразычылык акциясынын катышуучулары бул тынчтык митинги экендигин билдиришкен. Алар "Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!", "Бизге стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук керек!", "Мамлекет укуктук талаага кайтсын!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.
8 октября 2020Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен болгон кагылышууда 686 киши жабыркаган.
8 октября 20202019-жылы издөө жарыяланган Мухаммед-Али Асанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын атасы, ИИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
8 октября 2020Жапаровдун 400гө чукул тарапташы аны колдоо максатында митингге чыкты. Аларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдойбуз деген топ жакындап келди. Топтолгондор алгач айтышып, андан соң урушуп кетишти.
8 октября 2020Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Субаналиев учурда саясаттан сырткары экенин билдирип, саясий жарышка катышпай турганын белгиледи.
8 октября 2020Анын айтымында, ал жерге түнү менен боз үйлөрдү алып келишип, азыркы тапта бешөөнү тигип бүтүштү. Боз үйлөрдүн артына тамактанууга ылайыкташтырып столдор коюлган.
8 октября 2020Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккандан кийин, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бирок ага шаардык кеңештин депутаттары кол кое элек болчу.
8 октября 2020Кыргызстанда премьер-министрдин укугу кеңири, мындан улам аны дайындоо процедурасы кынтыксыз эрежелердин негизинде ишке ашуусу кажет. Редакция "Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу" мыйзамын карап, так болуш үчүн жайында өкмөттү жетектей баштап, 6-октябрда отставкага кеткен Кубатбек Бороновду дайындоо процедурасын мисал келтирди.
8 октября 2020Жогорку Кеңеш депутаттарынын өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкууланган жолугушуусу үзгүлтүккө учурады.
8 октября 2020Ошондой эле Асанов мурдагы ишмердүүлүгү, Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы негизги "катасы" тууралуу ачык айтты.
8 октября 2020Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
7 октября 2020Жалгыз күнөөм — Атамбаевди тирүү кармаганым. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып айтты.
7 октября 2020Митингде микрофон, сөз талашып улам ызы-чуу чыгууда. Жаштар саясатта көп убакыттан бери жүргөн адамдарды трибунага жакын жолотушкан жок.
7 октября 2020Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
7 октября 2020Путин шайлоодон кийинки кырдаал аны тынчсыздантып жатканын жана конфликт тынчтык жолу менен чечилерине үмүт артып жатканын белгилеген.
7 октября 2020