Аянттагы митингчилер Бабанов баштаган саясатчыларга сөз бербей коюшту

7 октября 2020 Аянттагы митингчилер Бабанов баштаган саясатчыларга сөз бербей коюшту

Ала-Тоо" аянтында болуп жаткан митингге Өмүрбек Бабанов баштаган бир катар саясатчылар келген. Бирок жаштар аларга сөз берген жок.

Митингде микрофон, сөз талашып улам ызы-чуу чыгууда. Жаштар саясатта көп убакыттан бери жүргөн адамдарды трибунага жакын жолотушкан жок.

Буга чейин митингчилердин алдына "Ата Мекен", "Замандаш", "Реформа", "Бир Бол" партияларынын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн.

Чогулгандар Жогорку Кеңештин депутаттарынан жыйын өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылышууда.

Эске салсак, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүүдө. Алардын талабы — бийликке жаштарды алып келүү.

Чогулгандардын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн жаштар тикеси менен тик турушкан.

sputnik