Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтты

8 октября 2020 Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтты

Азиз Суракматов мэрлик кызматына кайтып, иштей баштады.

Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккандан кийин, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бирок ага шаардык кеңештин депутаттары кол кое элек болчу.

Бүгүн, 8-октябрда, мэриянын алдында Суракматовду колдоп, анын ишин улантуусун талап кылган эл чогулду. Алардын алдына келген мэр төмөнкүлөрдү билдирди.

"6-октябрь күнү таңкы саат 5.00гө чейин ордумда иштеп жаттым. Үйгө барып киймимди которуп келгиче мэрияны басып алышыптыр. Мага башкысы мэрияны сактап, кызматтардын ишин улантуу маанилүү эле. Конфликт болуп кетпеши үчүн аралыктан иштеп турууну чечкем. Мен элдик кошуундар, акимдер менен телефон аркылуу ишти улантып жаттым", — деди Суракматов.

Ал журналисттердин "эмнеге кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыңыз" деген суроосун жоопсуз калтырды.

Азиз Суракматов үйдөн иштеп жаткан кезде үч адам "мэр" болууга жетишти. 6-октябрь күнү эртең менен координациялык кеңеш Жоошбек Коеналиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Бирок кечке жуук ошол эле кеңеш мэрлик кызматка Мирлан Бакитаев келсин деген чечим чыгарышкан. Ал 15 саат кызмат өтөгөндөн кийин анын ордуна кайра мээрдин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев келген.

sputnik