Бишкектеги кагылышууда каза болгон жигиттин сөөгү Баткенде жерге берилди. Сүрөт

8 октября 2020 Бишкектеги кагылышууда каза болгон жигиттин сөөгү Баткенде жерге берилди. Сүрөт

Бишкекте митингден кийинки кагылышуудан каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү кичи мекени Баткен облусунда жерге берилди. 

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен болгон кагылышууда 686 киши жабыркаган.

Алардын арасында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу да болгон. Ал кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тилекке каршы, дарыгерлер аны сактап кала алган эмес.

Маалым болгондой, Үмүтбек Алтынбек уулу 2001-жылы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. 9-классты айылдагы мектепте аяктап, кийин окуусун Бишкекте уланткан. Көз жумган жигит кесиптик орто окуу жайды бүтүрүп, тигүүчүлүк кесипке ээ болуп иштеп жаткан.

Үмүтбек Алтынбек уулун акыркы сапарга узатуу туулган айылында, өз үйүндө өткөн. Анын зыйнатына Лейлек районунун жетекчилиги катышканы айтылды.

sputnik