УКМК ким тарапта. Өмүрбек Субаналиевдин позициясы

8 октября 2020 УКМК ким тарапта. Өмүрбек Субаналиевдин позициясы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкаруу милдетин алган Өмүрбек Субаналиев ведомствонун позициясы кандай экенин айтып берди.

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Субаналиев учурда саясаттан сырткары экенин билдирип, саясий жарышка катышпай турганын белгиледи.

"Ачык айтайын, мен өзүмдү эч бир партия менен байланыштырбайм. УКМК саясаттан сырткары, өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн иштеп жатабыз. Коргоо министрлигинин, УКМКнын же Улуттук гвардиянын имаратында саясий партиялардын жыйыны өткөрүлбөй турганын расмий жарыялап коёюн. Мындайга мен тыюу салдым", — деди генерал.

Субаналиевдин айтымында, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин күч органдарынын иши үзгүлтүккө учураган. Бирок азыр алар штаттык режимде иштеп жатышат.

"Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топ күчтүү болуп турганын расмий айтып коёюн. Бирок биз аларды кармайбыз. Буга убакыт керек", — деди Субаналиев.

Генерал улуттар аралык кастыкка, мародерлукка жана күч органдарынын уюшкан кылмыштуу топ менен иштешүүсүнө жол бербей турганын убадалады.

sputnik