Күндүз эмнеге уйку келе берерин дарыгер түшүндүрүп берди

9 октября 2020 Күндүз эмнеге уйку келе берерин дарыгер түшүндүрүп берди

Россиянын сомнологдор коомунун жетекчиси, эмгеги сиңген дарыгер Роман Бузунов күндүз уйкунун келе беришинин бир нече себебин санап бергенин РИА Новости жазды.

Адис кеп түндө уйкуну кандырып деле күндүз үргүлөй берүү жөнүндө болуп жатканын белгилеген. Медицинада мындай абал гиперсомния деп аталат.

Бузуновдун айтымында, күндүз уйкусуроо коңурук тартуудан улам — апноэ обструктивдүү синдромунун симптому байкалса болушу мүмкүн. Тагыраагы, коңурук тартып жатканда дем алуу кыска убакытка токтоп калып, анан мээ кычкылтектин жетишсиздигинен "ойгоно" калат.

Темир менен D жана B витаминдеринин жетишсиздиги дагы уйкуну келтирип, алсыратат. Мындан тышкары, киши түндө уктап жатканда бутун кыймылдатып, тынч боло албаса да кесепетин күндүз тартат. Бул көрүнүштү медицинада "жаны жай албаган буттар" деп коюшат.

Адис жогорудагы белгилердин бири үч ай бою кайталана берсе, уйкуну калыбына келтирүү үчүн дарыгерге кайрылуу керектигин эскертти.

sputnik