Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.
"9-октябрда өзбек чек арачылары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Махсуд Ахмедов аттуу кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Аталган адамдар 6-октябрда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалышкан",— деп айтылат маалыматта.
Аталган факт УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш кодексинин 358-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.