Путин: Кыргызстандагы конфликтинин бардык тараптары менен байланыштамын

7 октября 2020 Путин: Кыргызстандагы конфликтинин бардык тараптары менен байланыштамын

оссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы конфликтинин бардык тараптары менен байланышта экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Путин шайлоодон кийинки кырдаал аны тынчсыздантып жатканын жана конфликт тынчтык жолу менен чечилерине үмүт артып жатканын белгилеген.

Ал ошондой эле Москва Кыргызстандагы ички саясий кырдаал тез нукка салынып, жоготууларсыз аяктай турганына ишенерин кошумчалаган.

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

6-октябрь күнү кечинде Жогоку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылды.

Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

sputnik