Акыркы окуялардан улам кыргызстандыктар жаңы кадрлардын легитимдүүлүгү тууралуу ойлоно баштады.
Кыргызстанда премьер-министрдин укугу кеңири, мындан улам аны дайындоо процедурасы кынтыксыз эрежелердин негизинде ишке ашуусу кажет. Редакция "Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу" мыйзамын карап, так болуш үчүн жайында өкмөттү жетектей баштап, 6-октябрда отставкага кеткен Кубатбек Бороновду дайындоо процедурасын мисал келтирди.
Төмөндө келтирилүүчү аракеттер тийиштүү документтер менен тастыкталышы шарт экенин айта кетели.
Премьер-министрликке талапкерди депутаттык мандаттын көбүнө ээ болгон фракция же коалиция көрсөтөт. Азыркы коалицияга КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары кирет.
Андан соң талапкер парламентти өз программасы, структурасы жана өкмөттүн курамы менен тааныштырат (мында коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескей турчуларды дайындоо президенттин укугу).
Мисалы, Бороновдун талапкерлиги каралып жатканда залдагы депутаттардын баары бир добуштан макул болушкан.
Өкмөттүн программасын, курамын жана структурасын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөлөрү карайт.
Андан соң жалпы кароого коюлат. Талапкер депутаттардын алдында сүйлөп, аткаруу бийлигинин иши кандай болорун айтып, суроолорго жооп берет.
Парламентарийлердин сунушталган программаны, өкмөттүн структурасы менен курамын талапкердин макулдугусуз өзгөртүүгө укугу жок.
Өкмөттүн программасы, структура жана курамы залдагы депутаттардын көпчүлүк, бирок 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат. Мисалы, Бороновдун талапкерлигине 105 депутат макул болуп, экөө каршылыгын билдирген.
Айта кетчү жагдай, эгер мыйзам долбоору болбосо депутат добуш берүү укугун фракция лидерине же кесиптешине бере алат. Бир парламентарий бир эле убакта экиден ашуун ишеним кат ала албайт.
Добуш берүү укугун башка фракциянын өкүлүнө бергенге болбойт. Ишеним кат депутаттык бланкка жазылып, добуш бере албай жатканынын себеби, укукту өткөрүп жаткан убактысы жана ал кандай колдонулушу керектиги көрсөтүлөт. Аны телеграмма менен да жөнөтсө болот. Бул документтин баары жыйындын кагаздарына тиркелет.
Жыйын мыйзамдуу болушу үчүн кворум болушу кажет, башкача айтканда, депутаттардын көбү чогулушу шарт.
Парламент премьерликке талапкер болчу адамды колдоп бергенден кийин президент үч күндүн ичинде өкмөт башчысын жана өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо боюнча жарлыкка кол коёт. Жарлык аталган мөөнөттө чыкпаса да өкмөт мүчөлөрү дайындалган болуп эсептелет.
Отставка тууралуу
Премьер-министрдин отставкасы бүтүндөй өкмөт мүчөлөрүнүн иштен кетишин шарттайт. Өкмөт башчы кызматынан кеткенден кийин мүчөлөр жаңы өкмөт түзүлгүчө милдеттерин аткара беришет.
Контекст
6-октябрь күнү ЖКнын кезексиз жыйынында Кубатбек Боронов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы жарыяланган. Андан соң премьерликке депутаттар абактан чыгарылган Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп беришкени белгилүү болду.
Бирок Жапаровдун премьерлигин жаңы түзүлгөн Элдик координациялык кеңеш тааныбай турганын билдирди. Уюмдун мүчөлөрү парламент кадыр-баркын кетирди деп эсептешүүдө.
Анткен менен Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр экенин айтууда.