Оштун борбордук аянтына боз үйлөр тигилип, эл чогулууда. Сүрөт

8 октября 2020 Оштун борбордук аянтына боз үйлөр тигилип, эл чогулууда. Сүрөт

Ош шаарынын борбордук аянтына бүгүн да эл чогулууда.

Анын айтымында, ал жерге түнү менен боз үйлөрдү алып келишип, азыркы тапта бешөөнү тигип бүтүштү. Боз үйлөрдүн артына тамактанууга ылайыкташтырып столдор коюлган.

Ал эми чогулган элдин саны болжол менен 300дөн ашат. Алар президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн келишкенин айтууда.

Аянтта кайсы бир саясий күчтөр же бийлик өкүлдөрү көрүнбөйт.

Белгилей кетсек, Ошто бийликти бир нече саясий күч талашып жатат. Шаардык кеңеш мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, отставкага кетирген. Андан соң ал кызматка ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов барып отуруп алган. Бул учурда чет өлкөдөн мурунку мэр Мелис Мырзакматов келип, шаарды тартипке келтирерин айткан. Үч тараптын тең колдоочулары 6-октябрдан бери митингге чыгууда.

Кечээ, 7-октябрда, Сарыбашов кайра кызматына кайтты.

Дагы бир тарабы легитимдүү президент экенин айтып Сооронбай Жээнбековдун таламын талашууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов да отставкага кетип, кайра кайтып келген. Анан орду да талашка түшүүдө.

sputnik