Төрт партия биригип Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке көрсөттү

9 октября 2020 Төрт партия биригип Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке көрсөттү

"Ата Мекен", "Реформа", "Республика" жана "Бир бол" партиялары премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү.

Аталган саясий партиялар "Акыркы үмүт" деп аталган меморандум кабыл алышкан. Анда саясатчы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкка, ал эми Тилек Токтогазиев биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн.

Эске салсак, эркиндикке чыккан Садыр Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, иштеп баштаганын жар салган. Кечээ анын өкмөт башчынын кабинетинен түшкөн сүрөтү соцтармакта пайда болгон.

Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл ала электигин да белгилеген.

sputnik