Жээнбеков Бороновдун отставкага кетүү боюнча арызына кол коё элек

9 октября 2020 Жээнбеков Бороновдун отставкага кетүү боюнча арызына кол коё элек

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл ала элек. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Бороновдун отставкага арыз жазганы маалым болгон. Бирок ага президент кол коё электигине байланыштуу өкмөттүн азыркы курамы иштеп жатат.


sputnik