Качып кеткен Жунушалиев, башчысыз калган милиция. Курсан Асановдун видео маеги

8 октября 2020 Качып кеткен Жунушалиев, башчысыз калган милиция. Курсан Асановдун видео маеги

Ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов эксклюзивдүү маек берди.

Ал учурдагы кырдаал, кантип ИИМди жетектеп калганын жана келечек пландары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Асанов мурдагы ишмердүүлүгү, Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы негизги "катасы" тууралуу ачык айтты.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов эки күндөн бери ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жатат. 7-октябрда эртең менен эки күндөн бери ишке чыкпай жаткан милициянын толук курамына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инструктаж жыйын өткөрдү.

Учурда милиция штаттык режимде иштеп жатат.

sputnik