Митингчилер Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышууда. Кечээ кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын билдирген. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр бүгүн саат 11.00дө башталат.
15 октября 2020Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
15 октября 2020"Ал эки жылдан бери Терек-Суу айылында үй-бүлөсү менен батирде жашачу. Айылдагы демөөрчүлөр ага төрт бөлмөлүү үй куруп, 19-октябрда ачкычын тапшырышат", — деп айтылат кабарчынын маалыматында.
15 октября 2020Жаңы өкмөт өлкөдөгү жана Бишкек шаарындагы коопсуздуктун, коомдук тартиптин сакталышына толук жоопкер болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
15 октября 2020Белгилей кетсек, бүгүн премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйында "президент үч күндүн ичинде кызматтан кетерин айткан, бирок андан бери 10 күн өтсө да кетпей жатат" деген билдирүү жасаган.
15 октября 2020Алар соңку саясий кырдаалга байланыштуу президенттин туруктуулукту камсыздоо жана бардык маселени укуктук талаада чечүү позициясын жактап жатканы кабарланды.
15 октября 2020Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен бүгүн түштөн кийин жолугуп, отставкасы тууралуу үч-төрт саат сүйлөшкөнүн айтты. Бирок бүгүн сүйлөшүүлөр аягына чыкпай калганын белгиледи.
14 октября 2020Мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен отставкасын сүйлөшүүгө Жапаров менен кошо кимдер катышканын ачыктады.
14 октября 2020"Кыргызстанда криминал жок болот, алар менен катуу күрөшөм. Келгиле, өнүккөн өлкөлөр сыяктуу криминал дегендерди жок кылып таза мамлекетти түзөлү. Ал үчүн силер да мага жардам беришиңер керек", — деди Жапаров.
14 октября 2020Эл өкүлдөрү кошумча киргизип, депутат Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров шайлоого катышууга ниети бар өкмөт мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биротоло кызматын тапшырып бериши керектигин белгилеген.
14 октября 2020Жогорку Кеңештин бирдиктиүү комитетинин жыйынында депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбековдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, жакалашканга чейин барышты.
14 октября 2020Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. Бул жыйындын күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.
14 октября 2020Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу "Республика" партиясынын штабынан билдиришти.
14 октября 2020Анын айтымында, өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол эле бойдон калган. Ал эми өкмөттүн курамы 20 пайызга өзгөргөн.
14 октября 2020Эми бүгүн "Ала-Арчага" кайрадан чогулган депутаттар өкмөт башчынын талапкерлигин карап, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын талкуулап бекитип бериши керек.
14 октября 2020Ага ылайык, Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.
14 октября 2020Ушул тапта Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Садыр Жапаровдун колдоочулары чогулуп жатат.
14 октября 2020Бүгүн, 14-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда премьер-министр, өкмөттүн курамы жана программасы бекитилмекчи.
14 октября 2020Макаланын авторлорунун айтымында, рафинаддалган кантты ашыкча колдонуу организмдеги белок менен липиддердин жабыркашына алып келет. Анын натыйжасында теринин коллагени бузулуп, бырыш көп түшө баштайт.
14 октября 20204-октябрда парламенттик шайлоо өттү, 10 күндөн бери өлкөдө абал тынчый элек. Митингдер өтүп, өкмөт отставкага кетип, ЖК төрагасы алмашты.
14 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылып, парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуштады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
14 октября 2020Муну менен катар адис эрте менен жаңы даярдалган ширелерди ичпөө керек экенин айтат. Анткени, бул кандагы кантты абдан көтөрүшү мүмкүн. Ал эми жалпылап алганда, ширелердин пайдасы өтө зор экенин белгилеген.
14 октября 2020Леонардо да Винчинин чыгармалары бир канча изилдөөчү-адистердин кызыгуусун жаратып келет. Сүрөтчүнүн сүрөттөрү келечекти божомолдойт деп ишенет адистердин бири, Ватикан тарыхын изилдөөчү Сабрина Сфорца Галиция сүрөтчүнүн чыгармаларынын бириндеги сырды ачканын билдирди.
14 октября 2020"Биринчиси — адам канча саат уктаса уйкусу кана турганын билип алышы керек. Андан соң ошого ылайыктап жатышы зарыл. Мисалы, сизге сегиз саат уктап, эртең менен жетиде туруш керек болсо, саат 11ге чейин төшөктө болуп калганыңыз оң", — дейт адис.
14 октября 2020Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Эльвира Сурабалдиева парламенттин кезексиз жыйынында митингге чыгып жаракат алган жарандар тууралуу кеп кылганда, залдагы депутаттардын дээрлик көпчүлүгү сыртка чыгып кетишти.
14 октября 2020Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду Жогорку Кеңешке кайтарып берген.
13 октября 2020Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерине 6-октябрга караган түнү эмне себептен абактан чыгып кеткенин айтып берди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жарыяланды.
13 октября 2020Канатбек Исаев 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Кошой айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
13 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтармай болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
13 октября 2020ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчылыгынан билдиришти.
13 октября 2020Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовдун абакка кайтып келишин күтүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
13 октября 2020Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча токтому президенттин аппаратына жетти. Кабарды өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.
13 октября 2020"6-октябрга караган түнү жаза өтөө жайынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен Дүйшөнбек Зилалиев кечээ кайрадан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыр мыйзамсыз бошотулган башка адамдар изделүүдө", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
13 октября 2020Нидерланддар өлкөсүндө коронавирустун жаңы тибине экинчи ирет кабылган 89 жаштагы кемпир каза болду. Бул тууралуу Оксфорд университетинин басылмасына таянып, РИА Новости жазды.
13 октября 2020