Садыр Жапаров соттуулугу эмне болгонун айтты

14 октября 2020 Садыр Жапаров соттуулугу эмне болгонун айтты

Сот мурдагы чечимди жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров парламенттин жыйынында билдирди.

Ага депутат Дастан Бекешев "Сиз боюнча сот чечими кандайча чыкты" деген суроо узаткан.

"Сот мурдагы чечимди жокко чыгарып, тергөө органдарына кайра кароого жөнөттү. Сот чечими жокко чыгарылгандан кийин адам соттолгон деп эсептелбейт", — деди Жапаров.

Эске салсак, 6-октябрда парламентарийлер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошкон. Бирок кийин бир катар депутаттар анда кворум болбогондуктан чечим легитимсиз деп чыккан. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын кызматка келиши коомчулукта шек жаратпашы керек деп парламенттин токтомун артка кайтарган.

Эми бүгүн "Ала-Арчага" кайрадан чогулган депутаттар өкмөт башчынын талапкерлигин карап, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын талкуулап бекитип бериши керек.

Садыр Жапаровдун иши

2013-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен митинг өтүп, тергөөнүн маалыматы боюнча, аны Садыр Жапаров каржылаган. Катышуучулар ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече адамды барымтага алганы айтылган. УКМКнын берген маалыматы боюнча, акцияга чыккандарды Жапаров телефондон тескеп турган. Мындан улам Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Өлтүрөм деп коркутуу", "Барымтага алуу", "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, сот 11,5 жылга эркинен ажыраткан.

sputnik