Жээнбеков парламентке Садыр Жапаров боюнча маселени кароону сунуштады

14 октября 2020 Жээнбеков парламентке Садыр Жапаров боюнча маселени кароону сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылып, парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуштады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу президенттин аппараты тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат", — деп жазылган билдирүүдө.

Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.

sputnik