COVID-19га экинчи ирет кабылган бейтаптын каза болгон биринчи учуру катталды

13 октября 2020 COVID-19га экинчи ирет кабылган бейтаптын каза болгон биринчи учуру катталды

Нидерланддар өлкөсүндө коронавирустун жаңы тибине экинчи ирет кабылган 89 жаштагы кемпир каза болду. Бул тууралуу Оксфорд университетинин басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

Нидерланддык окумуштуулардын маалыматына ылайык, кан клеткалары жана иммундук жетишсиздик оорусу менен жабыркаган аял мурда COVID-19га кабылып, андан сакайган. Болжол менен эки айдан кийин экинчи ирет коронавируска чалдыккан. Бир канча күндөн кийин абалы кескин начарлап, ооруканага түшкөндөн эки жума өтүп каза болгон.

Бул окуя дүйнөдө коронавируска кайрадан кабылгандан кийин каза болгон биринчи учур деп белгиленүүдө.

Август айынын соңунда вирусолог-дарыгер Марион Копманс Нидерланддар өлкөсүндө инфекцияны кайрадан жуктурган биринчи учурду иммундук системасы начар улгайган оорулуудан табышканын айткан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 37,4 миллиондон ашты. Анын ичинен бир миллиондон ашыгы каза болгон. Акыркы сутка ичинде коронавируска кабылган 307 миңден ашык учур катталган.

sputnik