Эльвира Сурабалдиева кезексиз жыйында сүйлөгөндө депутаттар чыга качты. Видео

14 октября 2020 Эльвира Сурабалдиева кезексиз жыйында сүйлөгөндө депутаттар чыга качты. Видео

Бүгүн, 13-октябрда, парламент “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулушту. Анда жаңы төрага шайланып, президенттин өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыгы бекитилди.

Видео

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Эльвира Сурабалдиева парламенттин кезексиз жыйынында митингге чыгып жаракат алган жарандар тууралуу кеп кылганда, залдагы депутаттардын дээрлик көпчүлүгү сыртка чыгып кетишти.

Эске салсак, бүгүн, 13-октябрда, парламент “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулушту. Анда жаңы төрага шайланып, президенттин өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыгы бекитилди.

“Урматтуу деп айтканга тилим барбай жатат, кесиптештер, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ачуусу келип 20 миңдей кыргызстандык аянтка чыкты. Аларды чакырып мен дагы аянтта болдум. Шайлоону эмне үчүн элди шылдыңдоо менен өткөрдүңөр? Билбесеңиздер, учурда ооруканаларга 1500дөй жарадар кыргызстандык кайрылды. Арасында 100 адамдын операцияга каражаты жок. Төрага Канат Кедейкановичке кайрылат элем, төраганын фонду 30 миллион сом, ошону 100 адамга бөлүп берсе операцияга жетет экен. Бул жагынан мамлекет жардам бериши керек”, - деди Сурабалдиева.

Депутат сөзүн аяктай электе эле залдагы эл өкүлдөрү себебин түшүндүрбөстөн сыртка чыга башташты. Бирок Сурабалдиева кебин улады.

“Аймактардан келген жарандарыбыз медициналык камсыздоосу жок, жардамга муктаж болуп жатышат. Айрым депутаттар качып баратат окшойт, аягына чейин уксаңыздар болмок. Өз элине кулак тундурган граната, желим ок аттырган бийлик, Ички иштер министрлиги моралдык жоопкерчиликти сезиши керек!” – деди Сурабалдиева.

Ал ошондой эле жаракат алган балдар ызага батып, оор абалда экенин белгиледи.

sputnik