Жээнбеков Садыр Жапаровду премьерликке бекитпей, токтомду ЖКга кайтарарын айтты

13 октября 2020 Жээнбеков Садыр Жапаровду премьерликке бекитпей, токтомду ЖКга кайтарарын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтармай болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аны бул боюнча кабардар кылган.

“Стабилдүүлүктү сактап, бекемдеш үчүн өлкөдөгү биздин бардык чечимдер легитимдүү болуп, шек жаратпашы керек”, — деди президент.

Жээнбеков бул маселени бардык талаптарды эске алуу менен кайра кароону суранып, парламентке кайрылууну пландап жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча токтому президенттин аппаратына жеткени айтылган. 

Мыйзам боюнча президент үч күндүн ичинде өкмөттүн курамын бекитпесе, алар дайындалган болуп эсептелип, ишин уланта бермек.

sputnik