Адистер далилдешти: Акыр заман качан болот?

14 октября 2020 Адистер далилдешти: Акыр заман качан болот?

Леонардо да Винчинин чыгармаларын изилдеген адис 4006-жылы акыр заман болорун айтып коңгуроо какты.

Леонардо да Винчинин чыгармалары бир канча изилдөөчү-адистердин кызыгуусун жаратып келет. Сүрөтчүнүн сүрөттөрү келечекти божомолдойт деп ишенет адистердин бири, Ватикан тарыхын изилдөөчү Сабрина Сфорца Галиция сүрөтчүнүн чыгармаларынын бириндеги сырды ачканын билдирди.

Ал италиялык сүрөтчү Леонардо да Винчи калтырып кеткен келечекке байныштуу божомолдордун бирин таба алганын айтууда. Адистин сөзүнө ишенсек, сүрөтчүнүн чыгармасы 4006-жылы акыр заман болорун көрсөтүп турат. “Сырдуу кеч” деп аталган картинадан дүйнөнүн келечегин жоруган адис сүрөттөгү латын тамгасы менен жазылган 24 тамга күндүн 24 саатын билдирерин айтат. Андан бөлөк сүрөттө үч топ апостол, үч терезе сыяктуу нерселердин курулушу үч санына баса көңүл бурдурат.

Мындан улам, бул сандарга астрологиялык билимин, тагыраак айтканда Зодиак белгилери тууралуу билимин айкалыштырган окумуштуу акыр заман 4006-жылдын 21-мартында болот деген жыйынтыкка келген. Ал ошол күнү жерди топон суу каптап, табият кубулушу 1-ноябрга чейин уланарын болжолдоду. Да Винчинин чыгармасы ошол күн келгенде бардык адамзат жер бетинен жок болорун айтып турат дейт окумуштуу.