Адис кыйналбай эрте туруунун сырын ачты

14 октября 2020 Адис кыйналбай эрте туруунун сырын ачты

Эртең менен сааттын мээни жеген коңгуроосу жок деле эрте турса болот. Бул үчүн эмне кылуу керектигин адистердин пикирине таянып "Известия" жазды. 

Сомнологдордун айтымында, адам эртең менен кыйналбай эрте ойгонушу үчүн эки нерсе өтө маанилүү.

"Биринчиси — адам канча саат уктаса уйкусу кана турганын билип алышы керек. Андан соң ошого ылайыктап жатышы зарыл. Мисалы, сизге сегиз саат уктап, эртең менен жетиде туруш керек болсо, саат 11ге чейин төшөктө болуп калганыңыз оң", — дейт адис.

Кийин бул режимди колдон келишинче бузбай кармоо керектиги айтылат. Анткени уйкуну бир режимге түшүрүп алуу эрте туруш үчүн гана эмес, ден соолукту чыңдап алууга дагы бир топ салым кошот.

Баса, режимге көнүү талаал, бирок аны бузуп коюу абдан оңой. Мисалы, айлап калыпка салган режимди дем алыш күндөрү кеч жатып же күндүз 1-2 саат уктай коём деп бузуп алгандар көп.

Мындан тышкары, организм уйкудан ойгонууну "жек көрүп" калбашы үчүн таңды жайбаракат тосуу сунушталат.

"Мисалы, ойгоноруң менен чуркап барып бетти муздак сууга жууй салуу, көнүүгүлөрдү жасоо, дароо тамактануу, музыканы катуулатып угуу сыяктуу нерселер организмге жакпайт. Биринчи керилип-чоюлуп, бир аз жылымык суу ууртап, күн башталды деген белги бериш керек", — деп жазылат макалада.

Ошондой эле эрте туруу үчүн жатарда "мен эрте турушум керек" деп мээге тапшырма берип коюу дагы жакшы жыйынтыгын берери кошумчаланды.

sputnik