Бабанов Жээнбеков жана Жапаров менен жолукту

14 октября 2020 Бабанов Жээнбеков жана Жапаров менен жолукту

Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу "Республика" партиясынын штабынан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, тараптар 13-октябрда жолуккан. Бабанов алгач Жапаров жана Ташиев менен жолуккан.

"Бабанов Мирлан Жээнчороев жана Руслан Казакбаев болуп Сооронбай Жээнбеков менен өзүнчө жолукту. Анда өлкөдөгү кырдаал талкууланган. Ошондой эле мамлекетти укуктук талаага кайтаруу маселеси козголгон", — дешти штабдан.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева бул маалыматка комментарий бере элек.

sputnik