Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулууда. Сүрөттөр

14 октября 2020 Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулууда. Сүрөттөр

Ушул тапта Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Садыр Жапаровдун колдоочулары чогулуп жатат.

Акцияда сөз сүйлөгөндөр бул тынч митинг экенин белгилешип, элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып жатканы айтылды.

Чогулгандар Жогорку Кеңештин спикерлигине Канат Исаевдин шайланышын негизсиз деп эсептеп, ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Учурда алардын саны 100гө чукулдап калды.

sputnik