Жээнбековду кайсы өлкөлөр жана эл аралык уюмдар колдоп жатканы жарыяланды

15 октября 2020 Жээнбековду кайсы өлкөлөр жана эл аралык уюмдар колдоп жатканы жарыяланды

Мамлекет башчынын маалымат кызматы президент Сооронбай Жээнбековду колдоп жаткан өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды атады.

Алар соңку саясий кырдаалга байланыштуу президенттин туруктуулукту камсыздоо жана бардык маселени укуктук талаада чечүү позициясын жактап жатканы кабарланды.

Жээнбековду колдогон өлкөлөр:

  • Россия;
  • Америка Кошмо Штаттары;
  • Казакстан;
  • Улуу Британия;
  • Түндүк Ирландия;
  • Бириккен Улуттар Уюму;
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы;
  • Европа биримдиги.

"Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин ортосунда бир нече сүйлөшүүлөр болду. Россия президентинин тапшырмасы менен консультация жүргүзүү үчүн президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак Бишкекке жөнөтүлдү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары регионалдык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн Кыргызстандын бакубатчылыгы маанилүү фактор экенин белгилешти. Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Сооронбай Жээнбеков легитимдүү мамлекет башчы экенин билдирип, өлкөдөгү кырдаалды жайгаруу аракетин колдой турганын айтты", — деп жазылат маалыматта.

Дээрлик бардык эл аралык коомчулук Жээнбековду легитимдүү бийлик катары тааный турганын билдиришкен.

Ошондой эле жакынкы күндөрү жаралган кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн кеңеш берүү максатында БУУнун Борбор Азия боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча аймактар аралык борборунун жетекчиси Наталья Герман келери айтылды. 

Соңунда өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык уюмдар КРдин мыйзамдуу бийлиги менен кызматташууну жакташарын жана учурдагы кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеген саясий процессти жетектөөдө президенттин чечүүчү ролун баса белгилешкен.

sputnik