Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канат Керезбеков жакалаша кетишти. Видео

14 октября 2020 Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канат Керезбеков жакалаша кетишти. Видео

Жогорку Кеңештин бирдиктиүү комитетинин жыйынында депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбековдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, жакалашканга чейин барышты.

Видео

Эскерте кетсек, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип берди.

Жыйын соңунда бирдиктүү "Бир Бол" фракциясынын лидери Сулайманов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Анда форма №2ни жокко чыгаруу, шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүү жана босого ченди 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүү сунушталган.

Демилге айтылган соң комитет төрагасы Канат Керезбеков кворум жок экенин айтып, документти кароону кийинкиге калтырууну айтты.

Кайым айтышуудан кийин экөө залдан чыгып, башка бөлмөгө кирип кетишкен. Ал жактан экөөнүн бири-бирине кыйкырганы даана угулуп турду. Андан соң эшик ачылып, жакалашып жаткан экөөнү башка депутаттар ажыратып жатканы видеого түшүп калган.

Натыйжада жыйын өтпөй, маселе кийинкиге калтырылды.

sputnik