ИИМ жетекчилеринин бири кол алдындагы кызматкерге ок атканы айтылууда

13 октября 2020 ИИМ жетекчилеринин бири кол алдындагы кызматкерге ок атканы айтылууда

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчылыгынан билдиришти.

“Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөө иштерин ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзүп жатканы кошумчаланды.

sputnik