Ден соолукка эң зыяндуу “пайдалуу” азыктар белгилүү болду

14 октября 2020 Ден соолукка эң зыяндуу “пайдалуу” азыктар белгилүү болду

Диетолог-нутрициолог Арина Скоромная эң зыяндуу “пайдалуу” азыктарды атады.

Анын айтымында, эгер туура колдонбосо, ден соолукка пайдалуу деп эсептелген майсыз азыктар адамга зыян тийгизиши мүмкүн. Майлар организмге керек экенин жана аларды диетадан чыгаруу зыяндуу экенин белгилеп өттү. Ошондой эле, серепчи майсыз кальций сиңбейт, майсыз сүт азыктарынын пайдасы нөлгө чейин төмөндөйт дейт.

Муну менен катар адис эрте менен жаңы даярдалган ширелерди ичпөө керек экенин айтат. Анткени, бул кандагы кантты абдан көтөрүшү мүмкүн. Ал эми жалпылап алганда, ширелердин пайдасы өтө зор экенин белгилеген.