Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн жанында чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып, эртеңкиге чейин тарап кетүүнү суранды.
Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен бүгүн түштөн кийин жолугуп, отставкасы тууралуу үч-төрт саат сүйлөшкөнүн айтты. Бирок бүгүн сүйлөшүүлөр аягына чыкпай калганын белгиледи.
"Президент отставкага кетиши керек деген элдин талабын Жээнбековго айттым, бирок бүгүн сүйлөшүп бүтө алган жокпуз. Эртең саат 11:00дө дагы жолугабыз. Анын натыйжасын саат 12-13:00дөр чамасында айтабыз. Эгер жыйынтык болбосо мен жоопкерчиликти албайм. Азыр бирөөлөр да ортого түшүп жатат. Андыктан бүгүн тарап кетишиңиздерди суранам, эртеңкиге чейин күтүп туруңуздар", — деди Жапаров.
Бирок тарапташтары буга макул болгон жок. Алар "алданып каласың" дешип, президент бүгүн отставкага кетиши керектигин айтышты. Жапаров болсо алданбай турганын билдирип, эл менен коштошуп кетти. Чогулган эл азырынча тарай элек.