Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайрадан митингге чакырган билдирүүлөр тарады

13 октября 2020 Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайрадан митингге чакырган билдирүүлөр тарады

Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайрадан митингге чыгууга чакырган билдирүүлөр тарап жатат.

Анда бийликтин аракетине нааразы болгон колдонуучулар эртең түшкө маал Бишкектин эски аянтына чыгууга чакырык таштоодо.

Бирок Бишкекте өзгөчө абал режими өкүм сүрүүдө. Мыйзам боюнча бул учурда митингдерге тыюу салынган.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду Жогорку Кеңешке кайтарып берген. 

sputnik