Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
19 октября 2020Түркия жаңы чыгарган жөө аскерлер техникасына Tulpar (“Тулпар”) деген аталыш ыйгарды. Бул тууралуу аталган аскердик техниканы чыгарып жаткан Otokar компаниясынын башкы директору Сердар Гергүч “Анадолу” агенттигине берген маегинде билдирген.
19 октября 2020Уюлдук телефон жеке маалыматтардын көбүн камтыгандыктан, аппаратын жоготкон адам бир топ кыйынчылыкка кабылат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Москвадагы "Защита" адвокаттар коллегиясынын башчысы Анатолий Миронов айтып берди.
19 октября 2020Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
19 октября 2020Жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык, адамдар бири-бирине бир метрдей аралыкка жакын болгон учурда бет кап тагынуусу зарыл. Бул эреже чогуу жашагандарга тиешеси жок. Бирок полиция бул түгөйлөрдүн эки башка даректе жашаганын аныктагандан кийин айып салган.
19 октября 2020Дүкөндөн нан алууда этикеткасын жакшылап окуп чыгып, байытылган ундан жасалганын алган оң. Бул тууралуу дарыгер-гастроэнтеролог Нурия Диановага шилтеме берүү менен "Известия" жазды.
19 октября 2020UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов досу Зубайра Тухуговго көз караштар таймашында жеңилип калды. Бул таймаштын видеосун машыктыруучу Хавьер Мендес өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
19 октября 2020Грипптин артынан эле COVID-19 менен ооруган кишинин каза болуп калуу тобокелдиги алты эсе жогору болот деген пикирди Ливерпуль университетинин окумуштуулары айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
19 октября 2020Маалыматка ылайык, Android үчүн 2.20.202.7 тиркемесинин бета-версиясынын оңдоп-түзөөлөр менюсунда жаңы бөлүм пайда болду. Анда колдонуучу көйгөйлөр жөнүндө сурам түзүп, атайын чаттан техникалык адис менен байланыша алат.
19 октября 2020РИА Новости билдиргендей, супермодель 51 жашта. Интернет колдонуучулары анын акыркы жүктөгөн сүрөтүн көрүп дене түзүлүшү менен сырткы келбетине баа беришкен.
19 октября 2020Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тиешелүү буйругу Юстиция министрлигинин сайтына 12-октябрда жайгаштырылган. Бул убакта мамлекет башчы отставкага кете элек болчу.
19 октября 2020Отставкага кеткенден кийин Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына жана тийиштүү артыкчылыктарга ээ болду. Бул тууралуу жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
19 октября 2020Билдирүүсүн Абдрахматова Facebook баракчасына жарыялаган. Sputnik Кыргызстан айрым жерлерин тактап көрдү. Абдрахматова 6-7-октябрь күндөрү эле БШК толук курамы менен отставкага кетиши керек деп айтканын эске салды.
19 октября 20202000 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.
19 октября 2020Брайан Ортега менен Чон Чхан Сондун (Кореялык Зомби) таймашы бул кеченин башкы беттеши болду. Анда америкалык мушкер утту. Эми ал чемпиондук титул үчүн беттешке чыгууга талапкер болуп, Александр Волкановски менен кездешет. Волкановски чемпиондук наамын коргойт.
19 октября 2020Азыр дүйнөнүн ар бир бурчунан кыргызстандыктарды табууга болот. Кай бирлери жумуш издеп кетсе, айрымдары минтип койгон кыял-максаттарынын артынан барып, ийгиликти багынтып отурат. Арасында бактысын тапкандар да аз эмес.
19 октября 2020Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыргандыгын расмий жарыялап жаткан учурунда билдирди.
16 октября 2020Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун досу Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды. Маалыматты премьер-министрдин маалымат катчысы Дастан Дүйшекеев тастыктады.
16 октября 2020Эскерте кетсек, бүгүн парламент кезексиз жыйынга чогулуп, кызматтан кетерин жар салган Сооронбай Жээнбековдун арызын кабыл алышты. Төрагадан Жээнбековго экс-президент макамы ыйгарылар-ыйгарылбасын сурашты.
16 октября 2020Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан төмөн болуп, Кемин өрөөнүндө 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.
16 октября 2020Сооронбай Жээнбеков бүгүн расмий түрдө президенттик кызматын тапшырып кетти. Узатуу иш-чарасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
16 октября 2020Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн расмий түрдө кызматын тапшырып бергенден кийин жума намазга барды. Анын мечиттен чыгып бараткан видеосун окурман жиберди.
16 октября 2020Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Индира Куралбекова дайындалды. Аталган кабарды өзү тастыктады.
16 октября 2020ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен министрдин орун басарлары Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметов генерал болушту.
16 октября 2020Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынын Садыр Жапаровдун президенттик инаугурациясы деп билсек болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.
16 октября 2020"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши боюнча пикирин билдирди.
16 октября 2020Президенттик жана парламенттик шайлоону бир өткөрүүгө мыйзам жол берет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
16 октября 2020Шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу туура деп ойлойм. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
16 октября 2020Мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр алдыдагы президенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
16 октября 2020Кайрадан мандатка ээ болгон депутат Өмүрбек Текебаев алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
16 октября 2020"Президенттик кызматка шайланганыма кечээ үч жыл болду. Кудайдын буйругу экен, элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткардык. 2017-жылы президенттикке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү", — деди Жээнбеков.
16 октября 2020Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Туура чечимби же жокпу, муну тарых жана убакыт таразалайт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жасаган кайрылуусунда айтты.
16 октября 2020Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Исманова «Азаттыкка» ырастады.
16 октября 2020Компьютердин клавиатурасына микробдор толо бергендиктен, ал кеңседе вирус таратуучу эң кооптуу буюм болуп эсептелет. Бул тууралуу россиялык инфекционист Ирина Шилкина кабарлаганын "Известия" басылмасы жазып чыкты.
16 октября 2020