WhatsApp тиркемесине жаңы кызмат кошулат. Пайдасы

19 октября 2020 WhatsApp тиркемесине жаңы кызмат кошулат. Пайдасы

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция киргизилет. Анын жардамы менен мессенджердин ичиндеги атайын чаттан колдоо кызматына байланышса болорун WeBetaInfo порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, Android үчүн 2.20.202.7 тиркемесинин бета-версиясынын оңдоп-түзөөлөр менюсунда жаңы бөлүм пайда болду. Анда колдонуучу көйгөйлөр жөнүндө сурам түзүп, атайын чаттан техникалык адис менен байланыша алат.

Аталган кызмат учурда иштелип чыгууда, качан даяр болору белгисиз.

Эскерте кетсек, ушул тапта мессенджердин колдоо кызматына кайрылуу үчүн электрондук дарегине кат жөнөтүлөт.

sputnik