Жогорку Кеңештин сайтын хакерлер бузуп, акча талап кылып жатышат

19 октября 2020 Жогорку Кеңештин сайтын хакерлер бузуп, акча талап кылып жатышат

Жогорку Кеңештин сайтын хакерлер бузуп кирип, көзөмөл жүргүзүшүүдө. Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова дагы тастыктады.

Анын айтымында, учурда сайттын ишин жөнгө салуу боюнча иштер аткарылып жатат.

Жогорку Кеңештин Kenesh.kg сайтына киргенде "бул сайт The Black Pirate тобунун көзөмөлүндө" деген жазуу чыгып жатат.

"Логин, паролдор, жеке маалыматтар, телефон номерлер, почталар жана алардын паролдору, ошондой эле бир нече мамлекеттик органдардын сайттары биздин көзөмөлүбүздө. Бизде Кыргызстандын жарандарынын маалымат базасы дагы бар", — деп ЖКнын сайтына жазылган.

Хакерлер жарандардын жана мамлекеттик кызматчылардын жеке маалыматтары сыртка чыгып кетпеши үчүн 10 миң доллар талап кылышарын жазышкан. Ошондой эле акча которууга бир күн убакыт берилген, тагыраагы, 20-октябрь Москва убактысы боюнча саат 12:00гө чейин деп көрсөтүлгөн.

sputnik