Жанылыктар

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендер болгон жок.

23 октября 2020
Баркыт жана розасы жок революция: үчүнчү мамлекеттик төңкөрүш Кыргызстанга кандай зыян алып келет

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кайрадан парламенттик шайлоону 6-ноябрга белгилейт. Шайлоо өткөн аптада өткөрүлүп, бирок массалык нааразычылыктардан кийин жыйынтыктар жокко чыгарылды. Кыргызстандын жакынкы тарыхындагы үчүнчү революция мамлекеттик бийлик институттарынын, мүлктү коргоонун жана өлкөнүн коопсуздугунун түпкү эрозиясына алып келиши мүмкүн.

22 октября 2020
Андрей Павлов. Советтер Союзунун акыркы ротасы
Андрей Павлов. Советтер Союзунун акыркы ротасы

2000-жылы 29-февралда түштөн кийин Улут-Керт чечен кыштагынын жанында 76-Псков гвардиялык десанттык дивизиясынын 104-десанттык полкунун 2-батальонунун 6-ротасы Хаттаб отряды менен согушкан. 776-жылдын бийиктигинде токсон аскер жана офицер Дагестанды көздөй чуркап бара жаткан эки жарым миң согушкерге каршы турушту.

22 октября 2020
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга макул болду.

22 октября 2020
Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды
Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев бир нече күн иштеген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында аны аталган ведомствонун жетекчилигине дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Буга чейин Эсеналиев президенттик аппаратты жетектеп келген.

22 октября 2020
Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды
Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

"Конституциянын 87-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Токтогазиев Тилек Мурсалиевич айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды", — деп жазылат маалыматта.

22 октября 2020
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме

Бүгүн эл өкүлү Талант Мамытов мындай демилге азыркы саясий-экономикалык кырдаалды, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен сунушталып жатканын айткан. Ошондой эле ал бул аралыкта Конституциялык реформа дагы жасалышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

22 октября 2020
Садыр Жапаров: "Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси кызматынан кетмей болду
Садыр Жапаров: "Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси кызматынан кетмей болду

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын төрагасы болуп дайындалган Бактыбек Сыдыков кетмей болду. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров КТРК телеканалына маек берип жатып айткан.

22 октября 2020
ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду
ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду

Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

22 октября 2020
Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео
Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

22 октября 2020
Эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушталып, Конституция өзгөрүшү мүмкүн
Эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушталып, Конституция өзгөрүшү мүмкүн

Президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул туурасында депутат Талант Мамытов парламенттик жыйын башталар алдында журналисттерге билдирди.

22 октября 2020
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

22 октября 2020
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

22 октября 2020
Нурмагомедов — Гэтжи көз караштар дуэлинде Макгрегор "пайда болду"
Нурмагомедов — Гэтжи көз караштар дуэлинде Макгрегор "пайда болду"

UFC мушкери, ирландиялык Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин көз караштар дуэлинде " пайда болду". Чемпиондук кур үчүн өтө турган таймаштын катышуучуларынын бетме-бет жолугушуусунда тартылган сүрөткө ирландиялык өзүн кошуп Instagram аккаунтуна сүрөт чыгарды. 

22 октября 2020
Камчы Көлбаев кармалды
Камчы Көлбаев кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келингенин күч структураларындагы ишенимдүү адамдар билдирди.

22 октября 2020
Нариман Түлеев кызматтан кетип, мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара баштады
Нариман Түлеев кызматтан кетип, мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара баштады

Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматтан кетүү үчүн арыз жазып, билдирүү тараткан. Анын айтымында, мэрдин ордун талашкандардын арасында күмөн санаткан ар кандай топтор бар экен.

22 октября 2020
Чаташтырбайлы! Коронавирустун 4 түрү аталды
Чаташтырбайлы! Коронавирустун 4 түрү аталды

Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников коронавирус инфекциясынын төрт түрүн атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

22 октября 2020
Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым
Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

Жапаров дартты дары чөптүн жардамы менен жеңгенин белгилеген. Анын айтымында, дары чөп бир гана коронавируска эмес башка ооруларга дагы, мисалы, ашказандын рагына дагы миңдин бири. Аны кыргыздар илгертеден колдонуп келген.

22 октября 2020
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Борбордук шайлоо комиссиясындагы абал тууралуу билдирүү таратып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиция күбөлөрдү суракка алып келүүгө милдеттүү экенин маалымдады.

22 октября 2020
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

22 октября 2020
Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео
Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

22 октября 2020
ЖКда айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиев көрсөтүлдү
ЖКда айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиев көрсөтүлдү

Мурдагы министр Эркинбек Чодуев бүгүн, 21-октябрда, өз арызын жазып кызматтан кеткен.  Ал өлкөнүн айыл чарба тармагын 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.

21 октября 2020
30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу
30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу

Силер өзүңөр деле ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле! Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам. Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат.

21 октября 2020
Садыр Жапаров: УКМК Матраимовду камайын дегенде мен токтотуп калдым
Садыр Жапаров: УКМК Матраимовду камайын дегенде мен токтотуп калдым

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалып, кайра бошотулушу боюнча BBC радиосуна берген маегинде түшүндүрмө берген.

21 октября 2020
Жээнбеков Коррупцияга каршы кызматты эмнеге жойгон? Вице-премьердин пикири
Жээнбеков Коррупцияга каршы кызматты эмнеге жойгон? Вице-премьердин пикири

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчылыктан кетип жатканда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюп салгандыгы боюнча өз пикирин айтты.

21 октября 2020
Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду
Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду

Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

21 октября 2020
Парламентте "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" шайлоого катыштырбоо сунушталды
Парламентте "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" шайлоого катыштырбоо сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" кайра шайлоого катыштырбоону сунуштады.

21 октября 2020
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл жана Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

21 октября 2020
Вице-премьер колго түшкөн Райым Матраимовдун ишине комментарий берди
Вице-премьер колго түшкөн Райым Матраимовдун ишине комментарий берди

Журналисттер Мамыткановго Токмокто дарыканадан дары уурдап камалган жаранды мисал келтирип, экс-бажычы Матраимовго карата кабыл алынган бөгөт чарасынын акыйкаттыгы тууралуу суроо узатышкан.

21 октября 2020
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен

Бүгүнкү жыйында "Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун күн тартибине коюу маселеси талаш жаратты. Мындан улам ал 5-октябрдагы элдик толкундоо депутаттарга сабак болбогонун айтып нааразы болду.

21 октября 2020
Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген
Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Аскар Шадиевдин коррупция, мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча иштери тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

21 октября 2020
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт

Бишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына Нариман Түлеевдин шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор чогулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

21 октября 2020
БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады
БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады

"Кайра өтө турган шайлоонун сметасынын долбоору 456 миллион 70 миң сомду түзөт. Бул боюнча Финансы министрлигине билдирүү жибердик. Ошондой эле өкмөткө каржы жана башка консультациялык иштер боюнча биргелешип иш алып барууга даярбыз деп маалымат бердик", — деди төрайым.

21 октября 2020
Мамытов: депутаттар Зулушевди башкы прокурор кызматына көрсөтөт
Мамытов: депутаттар Зулушевди башкы прокурор кызматына көрсөтөт

Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор кызматына кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштайт. Бул туурасында ЖК депутаты Талант Мамытов журналисттерге билдирди.

21 октября 2020