Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Жыйында баяндама жасаган Алтынбек Сулайманов депутаттардын бардык сунушу четке кагылып, түп нускасы гана калтырылганын билдирди. Анын арасына "шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотуу" демилгеси да кирбей калды.
Сулайманов кийинчерээк аны өзүнчө мыйзам долбоору менен алып келерин белгиледи.
Мындан улам үч сунуш калтырылды. Алар төмөнкүлөр:
- парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
- босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
- шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат.
Эми бул мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.