Нариман Түлеев кызматтан кетип, мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара баштады

22 октября 2020 Нариман Түлеев кызматтан кетип, мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара баштады

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматтан кетүү үчүн арыз жазып, билдирүү тараткан. Анын айтымында, мэрдин ордун талашкандардын арасында күмөн санаткан ар кандай топтор бар экен.

"Алардын айрымдары колу тийгенге чейин барып жатышты. Керек болcо элди өз ара кайраштырып коюуга даяр экен. Биз, Садыр Жапаров экөөбүз, шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууга акыбыз жок экенин түшүнүп, мен иштен кетишим керек деп чечтим", — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле билдирүүдө мэрдин милдетин мындан ары вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарары айтылат.

Эске салсак, 21-октябрь күнү Бишкек шаардык мэриясынын алдына Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен. 

sputnik