23 октября 2020
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.
"Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишкен натыйжаларын эске алуу менен кабыл алынды", — дешти аппараттан.
Ошондой эле бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.