Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Борбордук шайлоо комиссиясындагы абал тууралуу билдирүү таратып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиция күбөлөрдү суракка алып келүүгө милдеттүү экенин маалымдады.
Ага ылайык, учурда ИИМдин тергөө кызматы 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул иш Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ("Массалык башаламандык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Массалык башаламандыкка түрткү болгон себептерди аныктоо максатында ИИМдин криминалдык милиция кызматы Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу үчүн кабарлама берүүнү тапшырган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ИИМдин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылып жатканы кабарланган.