22 октября 2020
Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников коронавирус инфекциясынын төрт түрүн атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, COVID-19ду адамдар түрдүүчө көтөрөт.
- оорунун симптому жок өтүшү;
- курч кармаган респиратордук оорунун белгилери бар коронавирус;
- жеңил пневмония түрүндө абалдын оорлошу;
- илдеттин оор пневмония коштолгон аргессивдүү формасы.
Медик белгилегендей, дарттын төртүнчү түрү өнөкөт оорулары барлар үчүн өтө кооптуу.