Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди

23 октября 2020 Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Видео

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

sputnik